Эрдоган күрддөрдү колдогон Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрүн козголоңчулар менен байланышы бар деп айыптап, аларды террорчулук боюнча кылмыш жообуна тартуу керек деп билдирген. Ошондон кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Мыйзам долбоору Германия менен Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн сынына кабылды. Оппозициялык маанайдагы депутаттар да аны айыптап, бул демилгеге каршы добуш берерин билдирген. Элдик демократиялык партия күрддөр менен башка улуттук азчылыктардын укуктарын колдойт. Ошондой эле мыйзамсыз Күрдистан Жумушчу партиясынын саясий канаты экендигин танып келет.
20-майда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоорун 550 депутаттын 376сы жактады.