Ссылки доступа

“Домодедово” аэропортундагы теракттан жабыркагандарга кенемте төлөнө баштады


“Домодедово” аэропортунун "Авиационный" кайрымдуулук фонду 2011-жылдагы теракттан жабыркагандарга жана алардын жакындарына материалдык кенемте төлөп бере баштады.

Тергөө комитети жабырлануучулардын доо арызы боюнча аэропорттун активдерин камакка алууга ниетин билдиргенден кийин гана аэропорттун өкүлдөрү май айында кун төлөөгө макулдук беришкен.

Жалпысынан 150 миллион рублга жакын каражат төлөнүп берилери кабарланууда. "Ведомости" гезити бул сумма Орусиянын Тергөө комитети сөз кылган кенемтенин өлчөмүнөн 450 эсеге аз экендигин жазып чыкты. Буга чейин Александр Бастрыкин бир миллиард доллар жөнүндө сөз кылган.

Жактоочулар белгилегендей, жабырлануучулар жардам алгандан кийин аэропорттун кожоюну Дмитрий Каменщикке карата берген арыздарын алышы керек.

Дмитрий Каменщик февраль айынан бери үй камагында. Ал 2011-жылдын 24-январындагы терактка байланыштуу коопсуздук талаптарына ылайык келбеген кызмат көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда. Домодедово аэропортунда жанкечтинин жардыруусунан 37 адам каза таап, 170тен ашууну жараат алган. Бул иш боюнча аэропорттун дагы үч топ-менеджери кармалган.

Башкы прокуратура Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып, “Домодедово” жетекчилерине карата кылмыштык куугунтуктоодон баш тартууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG