Ссылки доступа

Тажикстанда виза алуу жеңилдеди


Тажикстан ИИМи 1-июнда электрондук виза ишке кирерин билдирди. Чет өлкөлүк жарандарга электрондук виза берүүчү «e-Visa» порталы арызды электрондук негизде кабыл алат жана чет өлкөдөгү консулдук мекемелердин жардамы жок эле  виза алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

2015-жылы Тажикстанга 430 миңден ашуун чет өлкөлүк турист келген. Бийлик жаңы системанын ишке кириши менен алардын саны кыйла көбөйөт деген үмүттө. Буга чейин 80 өлкөнүн атуулдары тажик визасын жеңилдетилген ыкма аркылуу - Дүйшөмбүдөгү аэропортко конгондон кийин эле түзмө-түз чек арадан алып келишкен. Азыркы тапта бул система менен бирге альтернативдүү онлайн пайда болду.

Тажикстанга кирүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандар evisa.tj сайты аркылуу документ толтурса болот. Визанын наркы 50 АКШ долларына бааланган, аны пластик карта менен төлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бул 90 күн үчүн жарамдуу, бирок визанын ээси өлкө аймагында 45 календарлык күндөн ашык калбашы керек.

Электрондук виза бардык өлкөлөр сыяктуу эле 7-14 күн аралыгында берилет. Бул убакытта ИИМ документ тапшырган адамдын арызын карап, чечим кабыл алат. Эгер виза алууга уруксат берилбесе, төлөнгөн акы кайтарылбайт.

Онлайн виза өлкөгө бир сапар кирүү үчүн гана жарамдуу. Эгер чет өлкөлүк жаран Тажикстандан үчүнчү башка бир өлкөгө барып, кайра кайтууга ниеттенсе, жаңы виза алуусу керек болот.

XS
SM
MD
LG