9-июнда өтө турган жолугушууда ишкерлер Европа комиссиясынын өкүлдөрүнөн өнүмдү ЕБ рыногуна экспорттоого байланышкан суроолоруна жооп алышат. Башкы баяндамачылар – Евробиримдиктин соода боюнча башкы директоратынын жетекчисинин орун басары Николаос Заимис, саясат маселелери боюнча кеңешчи Даниэль Крамер, Европа тышкы байланыштар кызматынын кеңешчиси Гус Хоуттуин.
2016-жылдын январында Евробиримдик Кыргызстанга ЖЖС+ макамын ыйгарган. Бул товарлардын 6 миңден ашуун түрүн европалык рынокко төлөмсүз чыгарууга мүмкүндүк берет.
Маселен, жемиш, шире, как жана жаңгактарды (грек жаңгагын, мистени), буурчак, тамеки, кийиз буюмдарын, кийим-кече, килемдерди төлөмсүз чыгарууга болот.