Ссылки доступа

Нуланд: санкциялар Орусияга карата күчтүү чара бойдон калууда


Орусияга карата чара көрүү үчүн АКШ жана ЕБ өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларды эки жылга узартууну колдоого алуу керек. Мындай пикирин АКШ мамкатчысынын жардамчысы Нуланд сенаттын Тышкы иштер комитетинде билдирди.

Ал Минск келишими аткарылбагандыгы үчүн санкцияларды узартуу зарылдыгын айтып, Орусиянын саясатына таасир этүүгө чакырды.

"Биз Украинанын жаңы аймактарын басып алууга бөгөт койдук. Алгач ирет санкция киргизилгенде, алар Киев жана Харьковго чейинки бардык жолду басып өтмөк. Дал ушундай тобокелдик бар болчу”,- деди ал. Азыр орусиялыктар санкциянын айынан чындап эле кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын, мындан арылуу үчүн Орусия эмне иштерди аткаруу керектигин билерин кошумчалады.

АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Майкл Карпентер дагы сенаттын комитетинде сөз сүйлөдү. Ал Орусия Крымда аскердик кубатын күчтөндүрүп жаткандыгын, Кошмо Штаттардын жана алардын тарапташтарынын аймактагы аракеттерине тоскоолдуктар жаралганын кошумчалады.

Нуланд жана Карпентер “Ачык асмандагы” алыскы жана жакынкы аралыктагы ракета боюнча келишимдин Орусия тарбынан аткарылышы боюнча маалымат беришти. Буга чейин Мамлекеттик департамент жерде орун алчу ракета системасын куруу менен келишим бузулуп жаткандыгын жарыялаган. Москва болсо АКШ жана Чыгыш Европанын ракетадан коргонуу системасы да макулдашууга дал келбестигин билдирген.

XS
SM
MD
LG