Ссылки доступа

Мария Шарапова Эл аралык теннис уюмун сотко берет


Орусиялык белгилүү спортчу Мария Шарапова Эл аралык теннис федерациясын (ITF)  сотко берет. Уюм аны допингге каршы талаптарды аткарбагандыгы үчүн эки жылга спорттук мелдештерден четтеткен.

Шарапова Спорт боюнча арбитраждык сотко кайрыларын Фейсбук баракчасына жазды.

Шарапова эми допинг чырына байланыштуу Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимп оюндарына катыша албайт. Мындан тышкары рейтинг баллдарынан жана сый акчаларынан айрылат.

Таанымал спортчу допинг-тесттен өтпөй калгандыгын өзү быйыл мартта моюнга алган болчу. Бирок ал Допингге каршы агенттик быйыл 1-январдан тарта мельдоний затын колдонууга тыюу салганынан кабары болбогонун да белгилеген.

XS
SM
MD
LG