Тажикстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жана республиканын Жогорку кеңешинин төрагасы болгон Каххор Махкамов президенттикке 1990-жылдардын соңунда шайланган. 1991-жылдын августунда СССРди күчтөп төнкөрүү аракетинен кийин ал митингге чыккандарын басымы менен отставкага кеткен.
Каххор Махкамов мындан соң саясаттан оолактап, ММКларга маек берүүдөн карманчу. 1999-жылы мурдагы президент катары Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын түбөлүк мүчөсү макамына ээ болгон. Анын өмүрлүк жары Гавхар төрт жыл мурун акка моюн сунган. Каххор Махкамовдун уулу жана кызы бар.