Ссылки доступа

Бомба жок! EgyptAir учагы Өзбекстандан учуп кетти


Египет борбору Каирден Бээжинге бара жаткан учак Өзбекстанда бомба коркунучунан улам чукул конду.

Бул өлкөнүн расмий өкүлдөрү билдиргендей, 135 адам түшкөн Airbus 330-220 учагы Үргөнч шаарына чукулунан конгон соң, жүргүнчүлөрдүн баары сыртка чыгарылып, учактын ичи тинтүүгө алынды.

EgyptAir компаниясына учакка бомба коюлганы тууралуу кабар жашыруун булактар тарабынан берилген.

Бирок Өзбекстандагы тинтүү учурунда эч кандай бомба табылган жок. Учак Бээжинди карай жолун улантты. Жер ортолук деңизинде 19-майда учагы кыйрап, 66 адам мерт болгондон бери EgyptAir бомба боюнча коркутууларды буга чейин да алган.

XS
SM
MD
LG