Ссылки доступа

Жума намазга убакыт бөлүү маселеси чырга айланды


Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев кайым айтышты.

Парламент депутаты Жанар Акаев менен бирге айрым депутаттар демилгеге каршы добуш берген. Чубак ажы Жалилов Фейсбуктагы баракчасында мыйзам долбоорун колдобогон эл өкүлдөрүн кескин сындаган:

- Мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбайм. Аларга кол берип саламдашпайм. Алардын жаназасына турбайм жана менин жаназама келип катыша турган болсо, катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын. Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербейм.

Жанар Акаев эч качан жума намазга каршы болбогондугун жана өзү да орозо кармап жаткандыгын айткан. Ал Жалиловдун мындай чакырыгын экстремизмге тете деп баалады.

Өлкөдөгү социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Жанар Акаевди колдоого алууда. Алар Кыргызстан Конституциясына ылайык, дин мамлекеттен тышкары экендигине көңүл бурушууда.

Парламент комитетинде каралган мыйзам долбоорунда түшкү тыныгууну мусулмандар жума намазын окуп алышы үчүн эки саатка чейин узартуу сунушталган. Комитеттин 9 мүчөсүнүн алтоосу буга каршы добуш берген.

XS
SM
MD
LG