Ссылки доступа

Назарбаев: Актөбөдө кол салгандар көрсөтмөнү четтен алган (видео)


Актөбө окуяларынан үч күндөн кийинки билдирүүсүндө казак президенти бул шаардагы кол салууларды радикал жана жалган диний агымдардын жактоочулары жасаган теракт деп баалады. Кылмышкерлер көрсөтмөнү четтен алганын кошумчалады, бирок конкреттүү бир өлкөнү атаган жок.

Кылмышкерлердин баары мыйзамга ылайык катаал жазасын ала турганын эскертти.

Мунун алдында Назарбаев Ак ордодо өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов менен жолугушуп, төмөнкүлөрдү айткан эле:

- Баарын кармоо керек. Куралдуу каршылык көрсөтүшсө жок кылынсын. Баары жазаланышы керек. Бирөө да кармалбай калбасын!

Назарбаев 8-июндагы билдирүүсүндө “колуна курал алып, киши өлтүргөндөргө каршы өлүм жазасы колдонулуусу” керектигин да кошумчалады.

Казакстанда 2003-жылдан тарта өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген.

Актөбө шаарында 5-июндагы кол салуу жана андан кийинки атайын операция учурунда 20дай адамдын өмүрү кыйылды. Алардын 13ү кол салгандар. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул окуяларга байланыштуу ондон ашуун кишиге издөө жарыялады. Булардын кеминде алтоо-жетөө Актөбөдөгү кол салууга тикелей тиешеси бардыгы айтылууда.

Назарбаев призывает казнить террористов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

XS
SM
MD
LG