Ооганстандын расмий өкүлдөрүнүн кабарлашынча, алардын ичинен жетөө полиция кызматкери, үчөө аскер жана экөө атайын кызматтын өкүлдөрү болгон.
Аскердик чалгын кызматы билдиргендей, “Талибан” жоочулары 12 адамды Андар районунда, жергиликтүү жашоочулардын көзүнчө өлтүргөн. Өч алуудан мурун аларды өткөн жумада провинциянын ар кыл аймагынан уурдап кетишкен.
Бул арада Ооганстандын Кундуз провинциясында шейшембиде “Талибан” жоочулары автобусту токтотуп, 40 жүргүнчүнү барымтага алган. Жарым ай ичинде эле аталган аймакта экинчи жолу автобус согушкерлердин кылтагына кабылды. Полиция маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн жетөө жоочулардан качып кетүүгө үлгүргөн.