5-июнда Актөбөдө куралдуу кол салуу болуп, төрт жергиликтүү тургун каза тапкан. Аскерий бөлүккө кол салуудан Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт кеткен. Жергиликтүү тургундардын, жоокерлердин жана тартип сакчылардын бир нечеси жараат алышкан.
Буга чейин өлкөдө улуттук аза күтүү күнү 2013-жылдын 31-январында Алматыга жакын жерде болгон авиакырсыкка байланыштуу жарыяланган болчу. Анда учактын кырсыкташынан беш экипаж мүчөсү жана 16 жүргүнчү каза тапкан эле.