Ссылки доступа

Тажикстан Улуттук биримдик күнүн майрамдоого камданууда


Мындан 19 жыл мурун, 1997-жылдын 27-июнунда Москвада Тажикстан өкмөтү менен Бирдиктүү тажик оппозициясынын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. Натыйжада беш жылдык жарандык согуш токтогон.

Бул апаатта 150 миң адам өлүп, өлкөгө миллиарддаган доллар чыгым алып келген. 27-июнь- Тажикстанда эс алуу күнү.

Улуттук биримдик майрамы Хорог шаарында өткөрүлөт. Расмий маалыматтарга караганда, эл аралык маданий-туристтик “Тынчтыктын чатыры” фестивалы, тегерек үстөлдөр, конференциялар өткөрүлөт. Биримдикти камсыз кылуудагы өлкө жетекчилигинин жана ММКлардын ролу талкууланат.

Бул арада айрым тажик эксперттеринин айтымында, Улуттук биримдик күнү мурдагы актуалдуулугун жоготту. Алардын пикиринде, тынчтык жараяндары байкалбайт жана каатчылык маалында ашкере чыгашага жол берүүнүн зарылдыгы жок.

Бул сапар Улуттук биримдик майрамы Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү оор жазага тартылып, ал эми башка партиянын активисттери качып жүргөн маалга туш келди.

Ал ортодо саясат таануучулардын бир бөлүгү майрам чыныгы абалды таанып-билүүгө жардам берет деген ишенимде. Ондогон тажик жаштары ар кыл диний агымдардын туусу алдында чогулуп жаткан маалда, бийлик жана коомчулук аларга жетиштүү көңүл бурушу керек.

XS
SM
MD
LG