Ссылки доступа

АКШ элчилиги: диний партия мүчөлөрүнүн соттолушу оппозициянын үнүн өчүрөт


АКШ элчилиги Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилигине карата чыгарылган өкүм “Тажикстандагы оппозициянын үнүн өчүрөт” деп билдирди.

АКШнын Тажикстандагы элчилиги тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин 14 мүчөсүнө чыгарылган өкүм жана өлкөдөгү айрым окуялар демократиялык өнүгүүлөргө кедергисин тийгизерин айтып чыкты.

9-июнда таратылган билдирүүдө АКШ бийлиги Тажикстандын өкмөтүнөн диний партиямүчөлөрүнүн иши боюнча калыс жана адилет соттук териштирүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылгандыгы белгиленген.

Мындан бир жума мурун Тажикстандын Жогорку соту Ислам кайра жаралуу партиясынын 14 мүчөсүн узак мөөнөткө абакка кескен.

XS
SM
MD
LG