Ссылки доступа

Өзбекстанда кыска шымчан ишкерди банкка киргизбей коюшту


Өзбекстандагы Навои шаарындагы ишкерди «Микрокредитбанктын» жергиликтүү бөлүмүнүн тартип сакчылары кыска шым кийип алгандыгы үчүн имаратка киргизбей коюшкан.

Ысымын ачыктагысы келбеген ишкер “Азаттыктын” өзбек кызматына маалымдагандай, мунун айынан ал аптапка карабастан үйүнө барып, шым кийип келүүгө аргасыз болгон.

"Банк имаратына кире бериште кеминде үч милиция кызматкери турат. Алар спорттук кийимчен адамдарды ичкери киргизишпейт. Эми турмушта түрдүү жагдайлар болот. Адам дайыма эле классикалык үлгүдө кийинип жүрбөйт эмеспи. Биз деген кызматкер эмес, кардарбыз го”, - дейт ишкер. Ал банкка акча алуу үчүн барган.

Бирок аталган банк кардарлардын кийимине эч кандай талап жок экендигин билдирди. Анткен менен Өзбекстандын айрым мекемелеринде келген адамдар үчүн дресс-код талабы бар. Маселен, Ташкенттин Чиланзар районунун МАИ имаратына кире бериште: «Урматтуу жарандар!!!Административдик имаратка кыска шымчан жана майкечен кирүүгө тыюу салынат”, - деген жазуу илинип коюлган.

XS
SM
MD
LG