Ссылки доступа

Орусиянын Су-27 учагынын учкучу каза тапты (видео)


Орусиянын коргоо министрлиги 9-июнда Подмосковьеде кырсыктаган Су-27 учагынын учкучу кайтыш болгондугун ырастады.

"Учкуч каза тапты. Жерде эч кандай кыйроолор жок”, - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Буга чейин учакты майор Сергей Еременко башкаргандыгы маалымдалган.

Кулап түшкөн Су-27 учагы “Русские витязи” пилоттук тобунун курамында болчу. Ал Москва облусунун Пушкин районунда Орусия авиаторлоруна тургузулган эстеликтин ачылыш аземине катышкандан кийин кырсыкка учураган. Авария Мураново айылынан 2 чакырым аралыктагы токойго жакын жерде болгон. Азыр анда коргоо министрлигинин комиссиясы иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG