Ссылки доступа

Атамбаев: Ойлонулбаган чакырыктар түптүз ИМ тобуна жол ачат


Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыздар сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип, мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акысы жок. Диний чөйрөдө таңуулоолор жол берилгис, бирок одоно тыюу салуулар да жакшылыкка алып келбейт.

Мындай пикирин Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн парламент депутаты Жанар Акаев, муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, блогер Алия Суранова жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алуу учурунда билдирди.

Тараптар жума намаз маалында түшкү тыныгууну бир саатка узартуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулашты.

Президент Кыргызстанда эркин дин тутууга чектөө жоктугун, бирок жума намазга барууга тоскоолдук кылуу боюнча бир дагы арыз түшпөгөнүн билдирди. Атамбаевдин айтымында, бардык мамлекеттик жана менчик ишканалардын жетекчилери дин тутуу эркиндигин сактап, жарандардын ибадат кылуусун камсыздоого милдеттүү. Өкмөт менен жергиликтүү бийликтер мындай маселелер жаралган кезде аларды чечип бериши керек.

Ошол эле учурда мамлекет башчы бардык нерсе чеги менен болушу керектигин, диндеги аша чабуулардын арты эмне менен бүтөрүн айрым араб өлкөлөрүнүн тагдыры көрсөткөнүн эске салды. Президенттин пикиринде, мындай чакырыктар түптүз "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна жол ачат.

Өлкө башчы Светтик Кыргызстандын конституциялык эрежелери бузулбашы керектигин, өлкөдө ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу экенин, бирок диний ишмерлердин саясатка аралашуусуна жол берилбөөгө тийиштигин белгиледи. Айрыкча Орозо айында жума намаз үчүн түштөнүү убактысын узартуу демилгесинин айланасындагы диний сабырсыздык кабыл алынгыс нерсе экенин да кошумчалады.

7-июнда Жогорку Кеңештеги социалдык саясат боюнча комитети депутат Тазабек Икрамовдун жума намаз убагында түшкү тыныгууну узартуу сунушун карап, көпчүлүк ага каршы болгон.

Жалилов мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды сындаган билдирүү таратып, коомдо кызуу талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG