Ошентип, Актөбө облустук террорчулук менен күрөшүү боюнча ыкчам штабы кол издөөгө алынгандардын бардыгын кол түшүрдү.
5-июнда Актөбөдө белгисиз адамдардын тобу курал саткан эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө кол салган. Чабуулдун натыйжасында жети адам каза тапкан. Бийлик бул окуяны теракт катары баалаган. Тартип сакчылары кол салган 13 адамды жок кылып, тогузун кармаган, алтоосуна издөө жарыялаган.
Жума күнү атайын кызмат жүргүзгөн операция учурунда дагы беш шектүү адам өлтүрүлгөндүгү кабарланган.