Агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Курманов билдиргендей, мындай чара жапайы жаныбарларды сактап калуу жана аларды көбөйтүү максатында киргизилүүдө.
Мыйзам долбоорунда 2017-жылдан тарта өлкө аймактарында аңчылык зоналарына кезек-кезеги менен тыюу салуу каралууда. Ага ылайык, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, 2020-2022-жылдарга чейин Нарын, Ош облустарында 2023-2025-жылдарда Жалал-Абад, Талас облустарында мергенчиликке тыюу салуу каралган.
Курманов өлкөнүн бардык аймактарында бир учурда аңчылыкка тыюу салууга мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди.
Буга чейин парламенттин айрым депутаттары 2030-жылга чейин чөөлөр менен карышкырлардан тышкары бардык жапайы айбанаттарга мергенчилик кылууга тыюу салууну сунуштагандыгы белгилүү.