Ссылки доступа

Активисттер Москвадагы Украина элчилигине жумуртка ыргытышты (видео)


200гө жакын адам Украинанын Москвадагы элчилигинин алдында акция өткөрүштү. ТАСС билдиргендей, активисттер Украинага каршы чакырык таштап, элчиликтин имаратына жумуртка менен файерлерди ыргытышкан.

Окуя 20 мүнөткө жакын созулган. Анын катышуучулары кармалган жок. Акция украиналык активисттердин Одессадагы иш-аракеттерине нааразычылык билдирүү максатында өткөрүлгөндүгү кабарланууда.

Буга чейин украиналык активисттердин тобу Одессадагы орусиялык башкы консулдукта Орусиянын күнүнө арналган иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук жаратышкан. Алар имаратты көздөй жумуртка менен картөшкө ыргытышкан. Ошондой консулдуктун маңдайына эки дарга асуучу жайды орнотушкан. Полиция эч кимди кармаган эмес.

Башкы консул Валерий Катункин акцияга Орусияда тыюу салынган “Правый сектор” менен “Азов” жарандык корпусунун өкүлдөрү катышкандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG