Алардын биринин айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити маалында өкмөттүн атайын уруксат берген документинин негизинде гана Ташкентке кирсе болот.
Буга чейин коопсуздукту камсыздоо максатында саммит учурунда атайын кызматтар Өзбекстанын борборун жаап таштоого белсенип жаткандыгы кабарланган.
Өзбек ММКлары шаарга барчу багыттар бардык автоунаалар жана темир жол транспорттору үчүн жабык болорун жазышууда. Мындай чаралар авиакаттамдарга дагы тиешелүү.
ИИМ маалымдагандай, июндан тарта укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады.
Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучусунун айтымында, борбордо тыкыр көзөмөл жүрүүдө. Ар кадам сайын топ-топ тартип сакчылары турат. Өзгөчө түнкү 10дон кийин күмөндүү жерде жүргөн тургундар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Документи жок тышка чыгууга мүмкүн эмес.