Ссылки доступа

Марселдеги баш-аламандыкка 150 орусиялык футбол бейбашы катышкан


Марселдин прокуратурасы 11-июндагы англис күйөрмандары менен болгон кагылышууга 150дөн ашуун атайын даярдыктан өткөн орусиялык футбол бейбашы катышкандыгын билдирди.

Associated Press маалымдагандай, прокурор Брис Робин шаардагы бүлүндүрүү иштерине дал ушул ээнбаштар күнөөлүү экендигин билдирген. Ошол эле учурда буга англис күйөрмандарынын да катыштыгы бар экендигин айткан.

Аталган кагылышууларда 30дан ашуун адам жабыркаган. Алардын айрымдары өтө оор абалда. 20 адам кармалды, алардын арасында британдыктар, француздар жана австриялыктар бар экендиги маалымдалууда.

УЕФА мушташка байланыштуу Орусиянын футбол биримдигине карата дисциплинардык иш козгоду. Ал күйөрмандарды расизм, баш-аламандыкка катышуу, пиротехниканы колдонууга айыптады. Ошондой эле эгер орус жана англис күйөрмандарынын ортосундагы кагылышуулар уланса, УЕФА Орусия менен Англия курама командаларын Европанын чемпионатынан четтетүү ыктымалдуулугун эскертти.

XS
SM
MD
LG