Ссылки доступа

Kloop.kg сайтынын журналисти УКМКга чакыртылды


Kloop.kg сайтынын редактору Элдияр Арыкбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакыртылды. Бул туурасында журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка карганда, КТРКда обого чыккан ЛГБТ укуктары жана бир жыныстагы адамдардын ортосундагы нике тууралуу басылманын материалы буга себеп болгон. Кимдир-бирөөлөр көрсөтүүгө нааразы болуп, басылмага жана КТРКга каршы арыз берген.

Арыкбаев УКМКга юристтин коштоосунда бара тургандыгын билдирүүдө. «Эгер убактыңар болсо жана мага кабатыр болуп жатсаңар, силер деле келсеңер болот. Маалымат берип турам”, - деп белгилеген ал.

XS
SM
MD
LG