Ссылки доступа

Москвада Борис Немцовдун сүрөтү тагылган ГАЗель изделүүдө


Москвада тартип сакчылары Борис Немцовдун бейнеси чагылдырылган ГАЗелди  издешүүдө. Жергиликтүү тургундар аталган автоунаадагы сүрөттүн жанында “чагымчыл” мүнөздөгү жазуу бар экендигин билдиришкен.

Автоунаанын мамлекеттик номери аныкталганы менен ал азырынча табыла элек.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Немцовдун элеси тушүрүлүп, “Реформалар акча түгөнгөндө башталат” деген жазуу коштолгон автоунаанын сүрөтү тараган.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы Борис Немцов 2015-жылдын 28-февралына караган түнү атып өлтүрүлгөн. Бул үчүн беш адам айыпталып, кармалган. Тергөө Чеченстан ИИМинин “Түндүк” батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухудиновду бул кылмыштын уюштуруучусу деп эсептейт. Немцовдун жакындары менен тарапташтары болсо өлүмгө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG