Ссылки доступа

Тажикстанда ташбакалар жок болуп кетүү коркунучунда


Тажикстандагы кадимки ташбакалар жок болуп кетүү алдында турат. Өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо комитети аларды Кызыл китепке киргизип, ташбакаларга аң уулоого тыюу салды.

Бул чечим Тажикстандын Илимдер академиясынын Биология жана мителерди изилдөө институтунун сунушу менен кабыл алынган. Өлкөдө канча ташбака калгандыгы туурасында так маалымат жок.

Ташбакалардын азайып кетиши түрдүү себептерге байланыштуу. Анын ичинде айыл чарбада техниканын колдонулушу, антропологиялык факторлор таасир этүүдө. Жер айдаган мезгилде же чөп чабык учурунда таш бакалардын жумурткалары бырчаланып калууда деген божомолдор айтылууда.

Ташбака Кызыл китепке киргизилгенден кийин ага аң уулоого тыюу салынат. Акыркы мезгилдерде ташбаканын бир даанасын 40 сомониге сатып алабыз деген жарнамалар байма-бай жарыяланууда.

Тажикстанда ташбакалар Кытайга аткезчилик жол менен жөнөтүлөт. Бажы кызматы бир нече жолу буга бөгөт койгондугун кабарлаган. Кытайда ташбаканын эти чүйгүн тамак саналып, ага өзгөчө суроо-талап бар экендиги маалым.

XS
SM
MD
LG