Басылма белгилегендей, Өзбекстан саякатчылар үчүн өтө коопсуз өлкө жана айтылуу Улуу Жибек жолунун чок ортосунда жайгашкан.
Акыркы жылдары Бухара менен Самарканддагы тарыхый борборлор оңдолуп-түзөлгөн. Самарканддагы Регистан аянтынын ремонту былтыр гана бүттү.
Журнал туристтерге кой этинен даярдалган палоодон жана жол жээктеги кафелердеги лагмандан ооз тийүүнү сунуштайт. Кой эти менен сабиз кошулган, бөдөнө жумурткасы, сарымсак, кээде жылкы эти аралаштырылып демделген палоонун даамы кимди болбосун тамшандырарын белгилейт басылма.
Жакында эле британиялык The Telegraph басылмасы дагы Өзбекстандагы туристтерди тарта турган 11 жүйөнү жарыялаган болчу.