Ссылки доступа

Орусия менен Армениянын аскердик келишимине каршы Ереванда митинг өттү


Орусия менен биргеликте абадан коргонуу системасын түзүүгө каршы чыккан ондогон адам Армениянын парламентинин алдында 13-июнда митингге чыкты. Бул туурасында РИА «Новости» кабарлайт. Акциянын катышуучулары депутаттардан аскердик келишимге каршы добуш берүүнү талап кылышты.

Митингдин катышуучуларынын пикиринде, келишим жактырылса, Армениянын аба чабуулдарынан коргонуу системасы Орусиянын башкаруусуна өтөт, бул болсо Карабактын коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Бирок Армения бийлиги бирдиктүү система армян абадан коргонуу түзүмүнө кедергисин тийгизбейт деген көз карашта. Буга чейин парламенттин вице-спикери жана Армениянын башкаруучу Ресубликалык партиясынын маалымат катчысы Эдуард Шармазанов келишимде Тоолуу Карабак жөнүндө сөз жок экендигин билдирген. Ал аскердик макулдашуу Армения үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын кошумчалаган.

Бул арада парламенттин бүгүнкү кезексиз отурумунун күн тартибине өкмөт орус-армян абадан коргонуу системасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү маселени киргизген жок.

Видео

XS
SM
MD
LG