Ссылки доступа

Талиптердин опузасы тажик-ооган жүк ташууларын азайтты


Көпчүлүк тажик жана ооган айдоочулар Кундуздан Тажикстандын чек арасына чейинки трассада жүк ташуудан баш тартышууда. Талиптер 31-майда Кундузга бараткан жолдо 16 жүргүнчүнү өлтүргөндөн кийин алар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн кыжаалат.

Коргон-төбө-Кундуз трассасында тажик айдоочу менен 16 жүргүнчү өлтүрүлүп, бир катар талап-тоноолор орун алгандан кийин Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы жүк ташуулардын көлөмү 60 пайзга азайган.

«Үч ай мурун эле Ооганстандан Тажикстанды көздөй суткасына 50гө чейин жүк ташуучу унаалар жөнөп турчу. Азыр болсо болгону 15-17 гана унаа каттап калды. Айдоочулардын коопсуздугу камсыздалбаса, жагдайдын өзгөрүшү кыйын деп ойлойм”, - дейт Ооганстандагы Кундуз бажы тозотунун жетекчиси Шахобиддин Бовар.

Тажик бийлиги көйгөйдү талиптердин талап-тоноо аракеттерине да байланыштырууда. Тажикстандын бажы кызматынын өкүлүнүн айтымында, акыркы үч ай ичинде Ооганстандан ташылып келген жүктөрдүн көлөмү 48 миң тоннага азайып кеткен.

Ооганстан аймагы аркылуу Тажикстанга Пакистан менен Ирандын деңиз портторунан жүктөр жеткирилип турат.

XS
SM
MD
LG