Ссылки доступа

Жаңы үлгүдөгү кыргыз паспорту талаш-тартышты туудурууда


Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттун жаңы үлгүсүн иштеп чыгып, анын негизги долбоорун жарыялады. Документте жарандын улуту көрсөтүлгөн эмес. Бул чоң талкууга жем таштады.

Жаңы паспортто адамдын аты-жөнү, жарандыгы, туулган датасы, паспорттун жарактуу мөөнөтү жазылып, кол тамгасы коюлат. Ал эми улуту, жашаган жери, жарандык абалы жана үй-бүлөсү туурасындагы маалымат электрондук чипке сакталат.

Жаңы паспорт үлгүсү мекемелер аралык комиссиянын отурумунда каралып, бекитилген соң юридикалык күчкө ээ болмокчу. Бардык жол-жоболордон өткөндөн кийин ушул жылдын аягында колдонула баштайт.

Улуту туурасындагы маалыматтын алынып салынышы социалдык түйүндөрдө да талаш-тартышты пайда кылды. Айрымдар муну чагымчылдык деп эсептеп, башкалары болсо өлкөдөгү биримдик менен ынтымакты бекемдөөгө болгон аракет катары баалашты.

Буга чейин президенттик аппараттын этникалык саясат бөлүмү 2011-жылы Ысык-Көл жээгинде өткөргөн жыйында паспорттогу “бешинчи графаны” жоюу демилгеси биринчи жолу көтөрүлгөн. Катышуучулардын көпчүлүгү бул коомду ажырымга түртүп жаткандыгын мисал келтиришкен.

XS
SM
MD
LG