Ссылки доступа

Орусиялык күйөрмандар Францияда бир суткага камалышты 


Полиция орусиялыктар менен болгон кагылышуу учурунда оор жарааттан көз жумган англис күйөрмандын өлүмү боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Француз тартип сакчылары тарабынан кармалган орусиялык футбол сурөөнчүлөрү полиция бөлүмүндө дагы бир суткага кала турган болушту. Күйөрмандардын жалпы орусиялык бирикмесинин президенти Александр Шпрыгиндин айтымында, француз тарап тергөө амалдарын жүргүзөт.

France-Presse агенттиги 43 орусиялык футбол ышкыбоздорунун кармалганын маалымдады.

Буга чейин Шпрыгин француз полициясы орусиялык күйөрмандардын автобусун токтотуп, курал-жарак жана баңгизат издегендигин маалымдаган.

Орусия бул жагдай тууралуу маалымдар. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков консулдук сүрөөнчүлөрдүн кызыкчылыгын коргой тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG