Ханзаада бул жөнүндө ага америкалык элчиликке барганда айткан. Элчиликте ханзаада менен анын жубайы Кейт Орландодогу кыргында каза тапкандардын жакындарына көңүл айтышкан.
Би-Би-Си маалымдагандай, ханзааданын сүрөтү журналдын мукабасына жайгаштырылабы жана ал кандай кийимчен болот – азырынча белгисиз.
Аталган журналда убагында Тони Блэр, Дэниел Рэдклифф, Мадонна, Хит Леджер, Саша Барон Коэн, Дэвид Кэмерон, Клайв Оуэн жана Дэвид Бекхэмдин сүрөттөрү жарыяланганы белгилүү.