Ссылки доступа

Америкалык телешоудо Украинанын Крымсыз картасы көрсөтүлдү


ESPN FC америкалык футбол телешоусу өз сайтына Евро-2016 учурундагы Украина менен Германиянын ортосундагы беттешүүнү талдоого алган тасманы жайгаштырган. Берүүдө Украинанын картасы Крым жарым аралы жок сүрөттөлгөн.

Аталган видеороликте эки команданын ыкмалары талдоого алынган. Украина курамасы жөнүндө сөз болордо Крымсыз өлкөнүн картасы көрсөтүлгөн.

Мындай жагдай биринчи жолу болуп жаткан жок. Айталы, 2016-жылдын башында Coca-Cola компаниясынын Украинадагы өкүлчүлүгү Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары чагылдырган картасы үчүн кечирим сураган.

Ушул эле жылы украиналык «МТВ -плюс» телекомпаниясынын маалыматтык берүүлөрүнүн биринде Украинанын картасы Крымсыз көрсөтүлгөн.

Батыш өлкөлөрү Крымдын аннексияланышын айыптап, бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Орусия жарым аралды басып алдык деп эсептебейт, болгону тарыхый адилеттүүлүк орногонун белгилет.

XS
SM
MD
LG