Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак эксклавынын тургундарына бул чектөөнүн тиешеси жок. Алар кыргыз-өзбек чек арасынан мурдагы тартип менен өткөрүлөт.
Өзбек бийлигинин бул чечими Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен байланыштуу экени айтылууда. ШКУ жыйыны 23-24-июнда Ташкенде өтөт. Буга байланыштуу өзбек күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.