Ссылки доступа

Казакстан премьер-министри Актөбөгө барды


Казакстан премьер-министри Карим Масимов жумушчу сапары менен Актөбө шаарына келди. Ал куралдуу кол салуу учурунда үч аскер кызматкери курман болгон № 6655 бөлүккө барат.

Мындан тышкары 5-июнда жарадарлар жеткирилген шаардык ооруканада болуп, шейит кеткендердин элесине гүл чамбар коет.

Делегация курамында — энергетика министри Канат Бозумбаев, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Тамара Дуйсенова жана улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев бар.

Өткөн жекшембиде бийлик Актөбө облусундагы антитеррордук операциянын аяктагандыгын жарыялаган. Куралдуу кол салуу учурунда беш жергиликтүү тургун жана үч аскер кызматкери көз жумган.

XS
SM
MD
LG