Ссылки доступа

Тажик президентин өлкөдөгү чыңалууну басаңдатууга үндөшүүдө


Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Улуттук биримдик күнүнүн алдында президент Эмомали Рахмонго кайрылып, өлкөдөгү абалды өзгөртүүгө чакырды.

15-июнда жарыяланган кайрылууда өлкөдө маанай түшүргөн саясий жагдай жаралгандыгы, Тажикстан ички саясаттагы чыңалууну азайтууга муктаж болуп тургандыгы айтылган.

Партия лидери президентти Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына камактагы бир топ адамдарды азаттыкка чыгарууга үндөгөн. Анын ичинде Тажикстандын Демократиялык партиясынын мурдагы лидери Махмадрузи Искандаровго, экс-министр Зайд Саидовго, жактоочулар - Бузургмехр Ёров менен Шухрат Кудратовго жана Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерине ырайым берүүнү сунуштаган. Анын пикиринде, бул адамдар кылмыш жасаган эмес.

27-июнда Тажикстанда Улуттук биримдик майрамы белгиленет. Бул күнү Тажикстан өкмөтү менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. Макулдашуу 1997-жылы кабыл алынып, өлкөдөгү беш жылдык согушка чекит койгон.

Бейпил учурда мурдагы тажик жетекчилери жана активисттери куугунтукталып же камакта отурат.

XS
SM
MD
LG