Ссылки доступа

Өлкө депутаттары артыкчылыктардан баш тартууга даяр эмес


Парламент “Жогорку Кеңеш депутаттарынын макамы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү четке какты. Долбоордо кызматтык батирден баш тартуу демилгеси камтылган болчу.

112 депутаттын 52-си "макул" деп, ал эми 60-ы "каршы" деп добуш берип, "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаттар тобу демилгелеген долбоор өтпөй калды.

Азыркы чакырылыштагы курам былтыр күзүндө шайланган. Үгүт маалында көптөгөн талапкерлер депутат болгондо мамлекеттен берилүүчү жеңилдиктерден баш тартабыз деп убада кылган. Шайлоодон кийин кызматтык унаадан жана жардамчыдан баш тартуу чечими кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG