Ссылки доступа

Далай-лама XIV менен АКШ президенти жолукту


Далай-лама Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн умтулбастыгын жана Кытай өкмөтү менен болгон диалогдун жанданарына үмүт артарын билдирди.

АКШ президенти менен Далай-лама Кытайдагы тибеттиктерин абалын талкуулашты. Барак Обама Тибеттин дин, маданият жана тилиндеги уникалдуу салттуулугун кубаттай тургандыгын айтты. Ошондой эле алардын укуктарынын корголушу маанилүү экендигине токтолду. Президент Далай-ламанын кыйноолордон баш тартууну жактаган көз карашын жогору баалады.

АКШ президенти чыңалууларды басаңдатып, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн Далай-лама жана анын өкүлдөрү менен кытай бийлигин иштиктүү сүйлөшүүлөргө чакырды.

АКШ Тибетти Кытайдын бир бөлүгү катары эсептейт жана анын көз карандысыздыгын жактабайт. Далай-лама өз алдынчалуулукка умтулбастыгын жана кытай бийлиги менен болгон диалог жанданарына үмүт артарын билдирди. Бул арада АКШ менен Кытайдын ортосундагы жылуу мамиленин маанилүү экендигин эки тарап тең моюндады.

XS
SM
MD
LG