Ссылки доступа

Орусия Олимпиада-2016 оюндарына катышпай калышы ыктымал


Орусия спортчуларынын допинг колдонгондугун текшерүү боюнча жүздөгөн аракеттер ишке ашпай жатат. Бул туурасында Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин жаңы баяндамасында айтылат.

15-июнда жарыяланган баяндамага ылайык, февралдан майга чейинки аралыкта өткөрүлгөн 740 тест ар кандай себептерден улам четке кагылып же өзгөртүлгөн.

Документте спортчулардын тесттен качкан же допинг-көзөмөл кызматкерлерин алдоого аракет кылган мисалдары келтирилген.

Допинг-көзөмөл кызматынын өкүлдөрү коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган. Текшериле турган кан үлгүлөрү Орусиянын бажы кызматында кармалып калган учурлар болгон.

Баяндама орусиялык спортчуларга Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берүү жөнүндө чечимдин кабыл алышына эки күн калганда жарыяланды.

XS
SM
MD
LG