Ссылки доступа

Ачкачылыктан Венесуэлада массалык башаламандык катталды


Кеминде 400 адам талап-тоноо жана массалык башаламандыктан кийин Венесуэла коопсуздук күчтөрү тарабынан камакка алынды.

Акыркы күндөрү азык-түлүктүн тартыштыгынан адамдар "Бизге тамак керек!” деп кыйкырып, дүкөндөрдү талап-тоной баштаган.

Буга чейин АКШ менен Венесуэла ортодогу чыңалууну азайтуу үчүн сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого даяр экендиги кабарланган. Ошондой эле АКШ Каракасты Америка мамлекеттери уюмунан чыгарууну колдобой тургандыгы айтылган.

Дүйнөдөгү мунай өндүрүүчү ири өлкөлөрдүн катарына кирген Венесуэла экономикалык жана саясий каатчылыктын кучагында калып, бул социалдык толкундоолорго алып келген.

Кошмо Штаттар АКШнын мамкатчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннонду Венесуэла менен мамилени жөнгө салуу үчүн өз өкүлү катары жөнөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG