Ссылки доступа

Казакстанда теракт жөнүндө жалган чалуулар көбөйдү


Актөбө шаарынын ички иштер департаменти теракт даярдалып жаткандыгы туурасында жалган маалымат кабарлаган 49 жаштагы жергиликтүү аялды камады.

Расмий маалыматка ылайык, 11-июнда «102» номуруна белгисиз аял чалып, Актөбө шаарынын Каргалинская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде теракт даярдалып жаткандыгын билдирген. Аталган даректеги үйдү тартип сакчылары курчоого алып, жашоочуларды эвакуациялаган. Бардыгы болуп 80 адам үйдөн чыгарылган. Бирок жарылуучу затка окшогон шектүү буюм табылган эмес.

Полиция жалган маалымат берди деген шек менен улгайган аялды кармады. Күнөөсү далилденсе ал алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Караганданын ири соода түйүнүндө жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган маалымат берген делип Юрий Пак аттуу мугалим да соттолууда. Тергөө дал ушул адамдын өзү полицияга телефон чалган деп эсептейт. Бир нече экспертиза өткөрүлгөнү менен үндөрүнүн окшошту далилденген жок.

Айыпталуучу ал күнү смартфонун иш бөлмөсүндөгү баштыгына калтырып койгонун айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG