Алепподогу элдешүү бейшембиге карган түнү күчүнө кириши керек болчу.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шаршенбиде Орусия менен Сирия февралда белгиленген жарашуу режимин сакташы керектигин айткан. Ал Кошмо Штаттардын чыдамы түгөнүп баратканын кошумчалаган.
Орусия Алепподогу ракеталык сокку үчүн «Аль-Каида» менен байланышы бар сириялык «Фронт аль-Нусра» тобун күнөөлөдү. Орусиянын авиация күчтөрү Алепподогу согушкерлерге жана көтөрүлүшчү топторго каршы күрөшүүдө сириялык режимдин аскерлерине абадан колдоо көрсөткөн.
Syrian Observatory for Human Rights уюмунун эсеби боюнча 14-июнда Алеппонун жанында болгон кармашта 70тей адам курман болгон.