Ссылки доступа

 "Кумтөр" келишимдеринин мыйзамдуулугу текшерилет


"Кумтөр" долбоору боюнча жаңы жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу 2003-2004-жылдары жана 2009-жылы түзүлгөн келишимдердин мыйзамдуулугу кайрадан каралып чыгышы керек. Мындай тапшырма бүгүн Башкы прокуратурага берилгенин мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, жогоруда аталган келишимдердин мыйзамдуулугу кенди иштетүүдөгү коррупция жана башка мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш иштердин чегинде кайра каралып чыгышы керек деп буйруду.

"Тагыраак айтканда, жаңы жагдайлардын чыгышы менен "Кумтөр" долбоорун 2003-2004-жылдары реструктуризациялоо маселесине карата таптакыр башка көз караш пайда болууда. Ошол кезде келишимдер кол коюлган учурда кыргыз тараптын Centerra Gold компаниясындагы үлүшү калыптанып жаткан, ал эми элде бул үлүш жасалма түрдө ылдыйлатылган деген пикир жаралган" деп айтылат президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев аталган кылмыш иштер өзгөчө маанилүү болгондуктан иликтөөнүн объективдүүлүгүн гана камсыз кылбастан, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу коомчулукту кабардар кылып туруу керектигин айтты.

"Бийликти күч менен басып алууга камынган" деген берене менен козголгон кылмыш иштеги “Кумтөргө” байланыштуу жаңы жагдай пайда болгонун, анын негизинде коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынганын кечээ УКМК кабарлаган.

XS
SM
MD
LG