Ссылки доступа

“ММК жөнүндөгү” мыйзам парламентте кызуу талкуу жаратты


Убагында элге жардам берген "Азаттыкты" душманга айландыруу опурталдуу. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал айрым депутаттар сунуштап жаткан Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзам долбоорду сынга алды.

- Биз “Азаттыктын” пайдасын көп эле көрдүк да. Акаевдин деле, Бакиевдин убагында деле алар демократияга бир топ салым кошту. Убагында элибизге ушунчалык чоң жардам берген медианы азыр кайра элибиздин душманына айландыруу опурталдуу нерсе. Биз мыйзам долбоорун комитетте караганда өтө опурталдуу, өтө орой даярдалып калганына мен күбө болдум. Азыркы турган турушу менен, азыркы сунушталып жаткан вариантта кабыл алып кое турган болсок, биз сөз эркиндигин чектеген болуп калабыз. Эл аралык уюмдардын катуу каршылыгына кабылабыз. Бул эми чектөө да. Эгер биз каржысын чектеп атсак, демек сөз эркиндигин чектеп жатабыз да, -деди депутат.

10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында бүгүн биринчи окууда каралганы жаткан. Бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде аны күн тартибинен алдырып, кийинки аптага калтырышты. "Азаттыкты" колдоп укук коргоочулар жана жарандык активисттер пикет өткөрүп, депутаттарды мыйзамды артка кайтарууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG