Ссылки доступа

АКШ Киевге каржылык жардам көрсөтөт


Ак үй ушул жылдын аягына чейин Украинага 220 миллион доллар каражатты экономикалык, саясий жана энергетикалык реформаларды жүргүзүү үчүн берет.

Бул туурасында АКШ вице-президенти Жо Байден менен Украина премьер-министри Владимир Гройсмандын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Ак үй мындай жардам Украинага “демократиялык институттар менен мыйзам үстөмдүгүн, туруктуу өнүгүүнү бекемдөө”, ошондой эле “гуманитардык муктаждыктарга жооп кайтаруу” үчүн керек экендигин билдирди. Ак үй таркаткан билдирүүгө караганда, Гройсман бажы жана укуктук системаны реформалоо аркылуу коррупция менен күрөшүүгө, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдү ишке ашырууга белсенгендиги белгиленген. Ошондой эле көз карандысыз ММК менен жарандык коомду колдоону арттырууга, өкмөттүн ишин өркүндөтүүгө жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга жарандарды көбүрөөк катыштырууга умтулат.

Өз кезегинде Гройсман энергетика тармагын реформалоого, анын ичинде Европа биримдигинин стандарттарына ылайык газ менен электр энергиясынын атаандаш рынокторун түзүүгө чечкиндүү кирише тургандыгын билдирди. Бул үчүн ал энергия ресурстарын ташып келүүнү диверсификациялап, коммуналдык энергетикалык ишканаларды менчиктештирмекчи.

XS
SM
MD
LG