Ссылки доступа

Америкалык дипломаттар Сирия армиясына сокку урууга чакырууда


Америкалык дипломаттар Дамаскты тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мажбурлоо үчүн Сирия армиясына абадан сокку урууга үндөөдө. АКШ мамлекеттик департаментинин кызматкерлери Акүйгө кайрылды. Алар Башар Асаддын режимине каршы катаал чараларды колдонууга чакырууда.

«Уолл-стрит Жорнэл» гезити мамдепартаменттин 50дөн ашык кызматкеринин колу коюлган кызматтык документке эгедер болду. Эгер АКШ Сириядагы сунниттерди өз карамагына тартып, ИМ экстремисттик тобун колдобоого ынандырып жатат. Демек, жалгыз жол – сириялыктарды Вашингтондун ийги ниетине ынандырып, Дамасктагы азыркы режимге чекит коюу керек деп жазылган. Документте февралдагы тынчтык сүйлөшүүлөрү майнап бербеген соң, өкмөттүк күчтөргө аскердик чабуул жасоодон башка арга жок экендиги белгиленет.

АКШнын Сирия боюнча саясатын чечкинсиздик катары сыпаттап, кадрдык дипломаттар алгачкы ирет ушундай ири масштабда каршылык көрсөтүүдө.

Мамлекеттик департамент мындай документтин бар экендигин моюнга алды. Бирок тышкы саясатты жүргүзгөн аткаминерлер бул маселени карамайын, анын мазмунуна түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Обама админстрациясы Асаддын бийлигине каршы аскердик операция башталса, Орусия менен Иран жаңжалына жол ачылат деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG