Ссылки доступа

Казакстан бийлиги күч түзүмдөрүн күчтөнтөт


Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Актөбөдөгү окуялардан кийин жарандар биринчи кезекте коопсуздук маселесине кыжаалат боло баштаганын билдирди.

Бул туурасында өкмөт башчы жума күнү Астанада өткөн парламенттин отурумунда билдирди.

«Мурун социалдык көйгөйлөр көп көтөрүлчү. Коммуналдык тарифтер, турак-жай менен тамак-аш баасы сыяктуу маселелер азыр биякта эле калды. Эми өлкө ичиндеги коопсуздук биринчи орунга чыгып отурат”, - деди ал. Ошондой эле жакын арада өкмөт парламентке күч органдарынын кубатын арттыра турган өзгөртүүлөрдү киргизе тургандыгын кошумчалады.

Эки күн мурун Масимов Актөбөдө жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Ал аймакка куралдуу кол салуудан он күн өткөн соң келген. Бул жумада Ички иштер министрлиги теракт учурунда беш жай тургун набыт болгондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG