Ссылки доступа

Укук коргоочулар биринчи инстанцияда өлкө президентине утулуп калышты


Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаев боюнча доо арызы сотто колдоо тапкан жок. Кечээ Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту алардын арызын канааттандыруудан баш тартты.

"Кылым шамы" укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ушундай натыйжа болорун башынан билгенин айтууда:

- Сот системасы жакшы реформа болгон жоктугуна, жогору жакты карап саясий чечим чыгарып, көз каранды бойдон калганына көзүбүз жетти. Эбегейсиз зор материалдарды бергенбиз, аны карабады, күбөлөрдү сурабады, Исмаилованын кан басымы жогорулаганына карабастан кечээ кечке созуп, бүгүн шашып чечим чыгара салды.

Өткөн айда эки укук коргоочу "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына мониторинг жүргүзүү үчүн катышкан. Президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы чет жактан алган грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсүнө байланыштуу укук коргоочулар сотко кайрылып, кечирим суроону жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөнү талап кылган.

Президенттик аппарат азырынча соттун чечимине байланыштуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG