Euronews маалымдагандай, шаар бийлиги аталган акцияны өткөрүүгө коопсуздукту шылтоо кылып, уруксат берген эмес. Стамбулда гей-параддар салттуу түрдө 2003-жылдан тартып өткөрүлүп келет. 2015-жылы да полиция митингдин катышуучуларын кууп таратуу үчүн жаш агызуучу газ колдонгон. Анда бийлик акция ыйык Рамазан айынын башталышына туш келгендиктен тыюу салган эле.
Көпчүлүк өлкөлөргө салыштырмалуу Түркияда кумсалык кылмыш катары каралбайт. Антсе да коомдогу гомофобиялык маанай дале күчүндө.