Тизмеде дүйнөнүн булуң бурчундагы 200дөн ашуун авиакомпаниялар бар. Арасында 13ү Кыргызстанга таандык. Алар европалык талаптарга жооп бербегени үчүн “кара тизмеге” кирген.
Кыргызстандагы авиакомпаниялар 2006-жылдан бери ушул тизмеде. Өкмөт андан чыгуу жаатында бир катар аракеттерди көргөнү менен майнапсыз болуп келүүдө.