Ссылки доступа

Тажикстанда түрмөдөн качып чыккан кылмышкер жок кылынды


Тажикстанда түрмөдөн качып чыккан жаран 19-июнда Согди облусунда жок кылынды.

19-июнда ИИМ, УКМК жана юстиция министрлигинин биргелешкен операциясынын натыйжасында камактан качкан Рамзуллохон Додохонов аттуу жаран куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынды.

Согди облусунун тартип сакчылары кабарлагандай, ал колго түшүп берүү жөнүндө буйрукка баш ийбей, атышып жатып өлгөн.

Камактагы Рамзуллохон Додохонов, Хабибжон Юсуфов жана Мирзозариф Каюмов 17-июнь күнү кечинде Хожент шаарынын түзөтүү колониясынан качууга аракет кылышкан. Алар абактын тарбия маселелери боюнча бөлүм башчысын бычакташкан, ал ооруканага жетпей көз жумган.

Колониянын кайтаруучулары менен атышуу учурунда Мирзозариф Каюмов мерт кетип, Хабибжон Юсуфов жарадар болуп, колго түшкөн. Ал эми Рамзуллохон Додохонов түрмөнүн бетон дубалынан секирип, качып кетүүгө үлгүргөн.

Исфаранын 28 жаштагы тургуну Рамзуллохон Додохонов террорчулук үчүн 20 жылга, Хожент тургуну Хабибжон Юсуфов тоноочулук үчүн 20 жылга, ал эми Мирзозариф Каюмов экстремисттик мүнөздөгү кылмышы менен 14 жылга абакка кесилген.

Алты жыл мурун, 2010-жылдын августунда Дүйшөмбү шаарындагы УКМК абагында 25 адам 5 кайтаруучуну өлтүрүп, качып кеткен. Бир нече ай ичинде алардын айрымдары колго түшүрүлүп, калганы жок кылынган.

XS
SM
MD
LG